Кечирим

Күнөөкөрлөр Кудайдын бөлөк, бардык нерселерден толугу менен баш тарткан жана эркин болгон кезде ага Андан кечирим суроо жана кечирим берүүнү өтүнүүгө туура келет. Адамдардын алдында кылган күнөөлөр жана кылык-жоруктарга кечирим сурап сыйынуу ылайыксыз, анткени бул эч качан Кудайлык кечиримге ыңтайлуу эмес жана ыңтайлуу болгон да эмес. Анын үстүнө мындай кечиримге сурап сыйынуу адамдын басынуусуна жана кордоого алып келет, ал эми Кудай болсо, ылайым, Анын даңкы бийиктей берсин? Өзүнүн кулдарынын басынуусун каалабайт, Ал Жан тартуучу, Ырайымдуу.Күнөкөргө, ал менен Кудайдын ортосунда, ак көңүлдүүлүктүн океанынын кайыры туурасында сыйынууга, жоомарттыктын Асманынан кечирим суроого жана төмөндөгүлөрдү айтууга туура келет:

О, Кудай, айланайын Кудайым! Ким Сенин ширин сөз тутумундарыңа ушунчалык таңдангандай Даңктын Чокусуна, даңктуу азап көрүүчүлүк жайына карай шашылгандай болсо, ошол Сага акыйкат ашык болгондордун каны менен мен Сага жалбарамын, Сенин билимиңде камтылган ошол сырлар менен да, Сенин жоомарт океаныңда сакталган ошол берметтер менен да, мага, менин атама да, менин апама да, кечирим бер – деп мен Сага сыйынам. Ак көңүлдүүлүк көрсөткөндөрдүн ичинен Сен, акыйкатында, өтө ак көңүлсүң. Түбөлүк Кечирүүчү, Бардыгынан жоомарт Сенден бөлөк, Кудай жок.

О, Теңир! Ушул күнөөкөрлүгүн ишке ашкандыгы Сенин жакшылык тилөөчүлүгүңдүн океанына карай кайрылгандыгын, ушул алсыз Сенин Кудайлык күчүңдүн дүйнөсүн издеп жүргөндүгүн, ушул байкуш макулук Сенин Байлыгыңдын Күндүзгү Жылдызына карай өзүн ийип жаткандыгын Сен көрүп турасың. Сенин ак көңүлдүүлүгүнүн жана жыргалыңдыгын урматына – О, Теңир, анын көңүлүн калтырба, ошондой эле Сенин күндөрүңдө Сенин жоомарттыгыңдын ачылыштарынан аны айырба, анан да, Сенин көктөгү жана Сенин жердеги бардык жандарыңдын алдында Сен кенен ачкан, Сенин эшигиңден аны алыс кубалаба.

Аттиң! Аттиң! Менин күнөөлөрүм мага Сенин ыйыктыгыңдын Сарайына жетүүгө тоскоолдук кылып жатат, андыктан өзүмдүн кылган күнөөлөрүмдөн улам Сенин улуулугуңдун Жамынчысынан алыста мен адашып калдым. Мен Сен мага эмнени жасого тыюу-салсаң, ошону жасадым, андыктан Сен мага эмнени сактоону буюрсаң, ошону алыс ыргыттым.

Ким Ысымдардын эң улуу чексиз укуктуу Өкүдары болсо, Ошону менен мага Сага карай жакындоого эмне уруксат кылса, ошол Сенин жоомарттыгыңдын Калеми менен мага жаз, ошондой эле Сенин кечиримиңден жана Сенин ак көңүлдүүлүгүңдөн мени эмне тосмологон болсо, ошол күнөө кылуулардан мени тазала.

Сен, акыйкатында, Башкаруучусуң, Жоомартсың. Күч-кубаттуу, Жыргалдуу Сенден бөлөк Кудай жок.

Бахаулла

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сен даңктуусуң! Тандалмалар жана Сенин Ишенгендериң менен жана Сен Кимди Сенин Пайгамбарлыгыңдын Мөөрү жана Сенин Элчилериң болууга дайындасаң, Ошолор менен: Сени эске алуу-менин жандоочум, Сенин сүйүүң – менин умтулуум, Сенин ажарың-менин максатым, Сенин Ысмың – менин чыгарым, Сенин эркиң – менин эңсөөм жана Сенин ырайың менин кубанычым болсун, - деп Сага жалбарамын.

О, менин Теңирим, мен күнөөлүүмүн, ал эми Сен болсо, Түбөлүк Кечиримдүүсүң. Мен Сенин тааныр азамат, мен Сенин назик какордугуңдун бийик сарайына жетүүгң шашылдым. О, менин Теңирим, Сен каалаган жолду бассуга жана Сенин бирдигиңдин океанынын жээгине жетүүгө мага тоскоолдук кылган менин күнөөлөрүмдү кечир.

О, менин Теңирим, кимдир-бирөө мага жоомарттык кылгыдай жана мен кимдир-бирөөгө жүзүмдү бура алгыдай эч ким, ошондой эле кимдир-бирөө мага жан тарткыдай, кимдир-бирөөдөн мен ырайы туурасында сурай алгыдай эч ким менде жок. Сенин жыргалыңдын журтунан мени кубала жана Сенин айкөлдүлгүңдүн жана жоомарттыгыңдын төгүлүшүнөн мени ажыратпа, - деп Сага сыйынам. О, менин Теңирим, Сага ашык болгондор үчүн Сен эмнени дайындаган болсоң, ошону мага дайында, ошондой эле Сенин тандагандарың үчүн Сен эмнени буйруган болсоң, Ошону мага жаз. Ар кандай учурларда менин карегим Сенин жакшылыктуу Кудуретиңдин асман мейкиндигинде карай бурулган жана менин көздөрүм Сенин назик ырайыңдын сарайына тигилген. Сага кандай ылайыктуу келсе, мени менен ошондой мамиле жаса. Сенден бөлөк Кудай-ар кандай адам Кимдин жардамы туурасында жалынса, Ошол Кудайдын күчү, Кудайдын даңкы жок.

Бахаулла

О, Теңир, ким Сага карай өзүнүн жүзүн бурган, Сенин Жыргалыңдын керсметинен үмүт кылган, кең пейлиңдин ачылышын күтүп турган, тагдырдын сага байланыштырган, ошол мен. Сенин мээримиңдин эшигине кирбей бурулуп кетүүнү мага буюрба жана Сенин Ишиңден айныган Сенин жараткандарыңдын ичиндеги ошолорго мени Кошпо-деп Сага сыйынам.

О, айланайын Кудайым, мен Сенин кулуңдун уулумун. Сенин күндөрдө Сенин акыйкатыңды мен таанымдын жана Сенин бардыгыңды тутуп, Сенин жападан жалгыздыгыңды таанып, Сенин кечирим кылышыңа жана кечирим беришиңе үмүт артып, Сенин жалгыз жашооңдун жээтектерине карай менин кадамдарымды багыттадым. Эмнени кааласаң, ошону жаратууга кудуреттиң жетет. Бардыгынан даңктуу, Түбөлүк кечиримдүү Сенден бөлөк, Кудай жок.

Бахаулла

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сага даңк! Сени эске алууга батынган кездеги ар кандай учурда Сага каршы менин күнөөлөрүм жана өтө оор айыптарым мени токтотуп турушат, андыктан мен Сенин жыргалыңдан толугу менен айрылгандыгымды жана Сени мактап алкоого таптакыр алсыз экендигимди мен көрүп турам. Ошондой болсо да, Сенин жоомарттыгыңа болгон ишеним Сага карай менин үмүтүмдү жандантат. Сени даңктоого жана Сенин ээлигиңде эмне болсо, ошол туурасында Сенден суроого мага кайрат берет.

О, кагылайын Кудайым, бардык жаратылгандардан ашып түшкөн Сенин ак көңүлдүүлүгүң менен, Сенин ысымыңдын океанында чөгөрүлгөн ошол бардык нерселер кимдер туурасында күбө өтүшсө, ошолор менен: мени өзүмдү өз эркиме койбо, анткени менин жүрөгүм жамандыка жакын, - деп Сага сыйынам. Ошондуктан Сени коргоо чебиңде жана Сенин камкор калганычыңда мени корго. О, айланайын Кудайым, Сенин бийлигиңдин күчү менен Сен эмнени аныктаган болсоң, мен ошону гана каалаймын. Сенин жыргал насыяттарың жана Сенин эркиңдин жетекчилиги менен Сен мага жардам бергидей болсун үчүн жана Сенин буйругуңдун жана Сенин сотуңдун жышаандары менен мени колдоо үчүн, ушулардын бардыгын өзүм үчүн каалайм.

Сени сүйгөн жүрөктөр Сен деп азап чекен, о, Сен, - Сенин Ишиңди Келтирүүчү менен, ошондой эле Сенин шыктандыруучу Таңың менен да, Сенин улуулугуңдун Ишке ашуусу менен да, Сенин Жаманчыңдан мени айырба, - деп Сага сыйынам. О, кагылайын Теңирим! Анын ак баталуу сарайына жетүүгө, Анын жеке керт башынын айланасындагы жерде жүрүүгө жана Анын эшигинин жанында момурайып турууга мага жардам бер.

Кимдин күч-кубаты кылымдарга кала берсе, Ошонун өзү Сен. Сенин билимиңден эч нерсе байкоосун калбайт. Сен, акыйкатында, күчтүн Кудайсың, даңктын жана акылмандыктын Кудайысың.

Кудай, дүйнөлөрдүн Теңири даңктуу болсун!

Бахаулла

О, айланайын Кудайым, жана бардык жандардын Кудайы, менин Даңкым жана бардык жандардын Даңкы, мени Эңсөөм жана бардык жандардын Эңсөөсү, менин Күчүм жана бардык жандардын Күчү, менин Падышам жана бардык жандардын Падышасы, менин Ээм жана бардык жандардын Ээси, менин максатым жана бардык жандардын Максаты, менин Кыймылдатуучум жана бардык жандардын Кыймылдатуучусу, ылайым, Сенин ысмың даңктана берсин! Мени Сенин назик ак көңүлдүүлүгүңдүн океанынан алыста калбагыдай жана Сага карай жакындыктын жээгинен алыста кетпегидей болуу үчүн ага жол бербе,- деп Сага сыйынам.

О, айланайын Теңирим, Сенден бөлөк эч ким мага пайда алып келбейт, кимдир-бирөөлөргө карата жакындыкты, Сенден бөлөк, мага эч ким бербейт. Сенин байлыгыңдын молдугу менен, кимдин аркасында Сен Өзүңдөн тышкары бардык нерселерге көз каранды болболсоң, ошону менен: ким Сага карай өзүнүн бурган жана ким Сага кызмат кылууга аракеттенген болсо, мени ошолордун катарында сана,-деп Сага сыйынам.

О, кагылайын Теңирим, Өзүңдүн кулдарыңды кечир. Сен, акыйкатында, Түбөлүк Кечиримдүүсүң, Өтө жан тартуучусуң.

Бахаулла

О, Теңир, биз өзүбүздүн колдорубузду Сенин ырайыңдын жана Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн асманына карай кандайча сыйынып көтөрүп жатабыз, Сен көрүп турсың. Ылайым, алар Сенин ченемсиз жоомарттыгыңдын жана молчулугуңдун кенчи менен толтурулсун. Бизди, биздин аталарыбызды да, биздин энелерибизди да, кечир, ошондой эле биздин өтүнүчүбүз боюнча Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн жана Кудайлык жоомарттыгыңдын океанынан бизге толугу менен тартуула.

Бахаулла

О, Теңир, Сага алкоо! Биздин күнөөлөрубуз үчүн бизди кечир, бизге кечирим бер жана Сага карай биздин кайрылып келишибизге жардам бер. Сенден бөлөк, башкаларга үмүт артууга бизге уруксат этпе, ошондой эле Сен эңсегендей да, Сен каалагандай да, Сага эмне жагымдуу болсо, ошол Сенин жоомарттыгыңдан бизге бөлүштүр. Ким чындап ишенсе, ошолордун абалын улуулат, ошондой эле Сенин бардыгын кечирүүчү ак көңүлдүүлүгүңдүн келтирип, аларды кечир. Акыйкатында, Сен Коркунучта Жардам Берүүчүсүң, Өзүң жаралгансың.

Баб

О, айланайын Теңирим, Сен туурасында эске алуудан тышкары ар бир эске алуум үчүн, ар кандай алкоо үчүн, Сени алкоодон башка Сага жакындыктан эмес, жыргал үчүн; Сени менен пикир алышуу кубанычынын тышкары ар кандай кубаныч үчүн; Сенин сүйүүңдүн жана Сенин ырайыңдын бактысынан тышкары ар кандай бакыт үчүн; Ким Теңирлер Теңиринин өзү болсо, Ким каражат берсе жана эшикти ачса, ошол, о, Сен Сени менен тектештик болбой туруп, мага эмне таандык болсо ошол бардык буюмдар үчүн мени кечир, - деп Сага сыйынам.

Баб

О, Теңир, менин кылган күнөөлөрүм Сенин катышып отурууңда уялуудан менин жүзүмдүн кызаруусун мажбур кылгандыгын, Сенин алдыңда мени жер карата тургандыгын, мени бардык жактан курчап жана Сенин көктөгү күчтөрүңдүн ачылыштарына карай менин жетишүүмө тосмо болуп жаткандыгын мен билемин.

О, Теңир. Эгерде мени Сен кечирбесең, анда мага кечиримди ким тар-туулайт,сшондой эле эгерде менин үстүмдөн Сен аркаңды тийгизбесең,анда ким жан тартууга жөндөмдүү болор эле? Сага даңк,анткени Сен тиричиликсиздиктен мени чакырдың жана менин али акыл-эсим жок мезгилде Сен мени багып өстүрдүң. Сага алкоо, анткени жоомарттыктын ар кандай күбөлүгү Сенден келип чыгат жана ак көңүлдүүлүктүн ар кандай белгиси Сенин буйругуңдун казынасынан келип чыгат.

Баб

О,Сен,кечирүүчү Теңир! Сен-Сенин бардык кулдарың үчүн жашырынар жайсың. Бардык сырлар Сага белгилүү, андыктан Сен бардыгы туурасында билесиң. Биз бардыгыбыз жардамсызбыз,ал эми Сен-күчтүүсүң, Бардыгынан Куч-кубаттуусуң. Биз бардыгыбыз кунөө өкөрлөрбүз,ал эми Сен болсо,-кунөөлөрдү Кечирүүчүсүң, Ак көңүлсүң Жан тартуучусуң. О, Теңир! Биздин жорук-жосунубузга караба.Биз менен Сенин ак көңүлдүүлүгүңдү жана жоомарттыгың боюнча мамиле жаса. Биздин кылган кунөөлөрүбүз сансыз, бирок Сенин кечиримиңдин океаны Чексиз. Биздин алсыздыгыбыз кайгылуу, бирок Сенин жардамыңдын жана колдооңдун күбөлүгү ачык. Ошондуктан бизди чыңда жана бизге күч бер. Ыйык босогого эмне татыктуу болсо,ошону жасоого бизге ылайык көр. Биздин журөктөрүбүздү жаркылдат, биздин көздөрүбүзгө курчтук бер жана биздин угумубузду кучөт. Өлүүлөрдү тирилт | жана оорулуларды сакайт. Кедейлерге байлык бер жана кимде-ким коркунучтун кучагында калса,ошолорго тынчтык жана коопсуздукту тартуула. Сенин дүйнөңө бизди кабыл ал жана жетекчиликтин жарыгы менен бизди жаркырат. Сен Бардыгынан Күчтүүсүң жана Бардыгынан куч-кубаттуусуң.Сен жоомартсың, Сен кайрымдуу, Сен жакшылыктуусуң.

Абдул-Баха