Орто намаз

Күн сайын багымдатта, бешимде, дигерде окулат.

/Кимде-ким Кудайга сыйынса, колун жууганда мындай деш керек/:

О, айланайын Кудайым! Колдорума кубат бер, Китебиңди калтаарыбай кармайын. Дүйнөдөгү башка күчтөр, Алсыратып салбасын. Тиешеси болбогондор, Тийишкенден сактасын. Күч-кубат, таянычсың мага дайым. Кудай, кудуретиңден кагылайын!

/Жүздү жууганда мандай деш керек/:

О, айланайын Жараткан! Жүзүмдү Сага караттым. Нуруңду чачып, бешенемди жарык кыл! Бурулбасын жүзүм Сенден башкага. Айныгандан алыс кыл, Кайт болгондон калкала!

/Анан кайкалап, түз туруп, жүзүн Кыбылага/. Күн Батышта, Аккага жакын Бахжи деген жерде, таат-ибадат. Зыярат кыла турган жер./ буруп мындай деш керек/:

Кудай Андан башка Кудай Жок экенин күбөлөйт. Ачылыштында жаратылгандардын да падышачылыгы Ал өзү. Акыйкатта, Ал Көрсөттү ким экенин Ачылыштын таң нуру, Ким экенин Синай тоодо маектешкен. Ааламды ачып, көкөлөткөн /Лотос/ дарагын, Андан ашып өтпөсүңөр бардыгың. Бардыгына, асмандагы, жердегиге, Ал аркылуу жарлык болгон. Ал мындайча жаңырат: “Көңүл коюп уккула, Асман, жердин өзөгү, Даңк, бийликтин дал өзү, Адамзаттын Кудайы, ааламдардын Теңири, Жети кабат жер менен, Жети катар асмандын, Кармап турган Эгедери, Тактын Ээси, Өзү келди! ”

/Анан бүгүлүп, колдорун тизесине коюп, мындай деш керек/:

на жердеги бардык жандарга Ким аркылуу: “Кулак салгыла, Бардыгына ээлик кылуучу келди. Жер жана көк, даңк жана бийлик Кудайга, бардык адамдардын Теңирине жана тоо менен өрөөндүү жердеги Тактынын Ээсине таандык!” деген чакырык жаралган болсо, Ошону Ал келтирди.

/Андан кийин эңкейип, колдорун тизесине коюп, анан дейт/:

Менин алкоолорумдан жана менден бөлөк, башка ар кимдердин көкөлөтүп алкоолорунан, менин баяндоолорумдан жана көктөгү бардык жандардын жана жердеги бардык жандардын көкөлөтүп баяндоолорунан Сен жогорусуң!

/Андан кийин, тикесинен туруп жана колдорунун алакандарын жүзүнө алып, дейт/:

О, Кудайым, кимде-ким Сенин ырайымдуулугуңдун жана Сенин жыргалыңдын этегинен кармап коколой башы менен сыйынып жатса, бардык ак көңүлдүүлүк кылгандардына ичинен Өтө ак көңүлдүүсү, о, Сен, аны үмүтүнөн ажыратпа!

/Андан кийин отурат да, дейт/:

Сенин бирдигиң жана Сенин жападан-жалгыздыгың туурасында жана Сен Кудайдын өзү жана Сенден бөлөк, башка Кудай жок экендиги туурасында күбө өтөм. Сен акыйкатында, Сенин Ишиңди келтирдиң, Сенин Осуятыңды аткардың жана кимде-ким көктү жана жерди мекендеген болсо, бардыгы үчүн Сенин ырайыңдын дарбазасын кенен ачтың. Ак бата жана тынчтык, куттук сөз жана даңк, дүйнөнүн өзгөрүлмөлүүлүгү жана оомалуу-төкмөлүүлүгү кимдерди Сенден иренжите албаса, Сенде эмне болсо, ошолорду алуу үмүтүндө, кимдер эмнеси болсо, бардыгын берсе, ошолорду, Сенин сүйгөндөрүңдү шыктандырат. Сен, акыйкатында, Түбөлүк Кечиримдүүсүң, Бардыгынан жоомартсың.

/Эгерде кимде-ким узун ырдын ордуна мындай сөздөрдү айтууну кааласа:

“Коркунучта Жардам берген Өзү жаралган Андан бөлөк, башка Кудай жок экендигине Кудай күбө өтөт ” деп, ушул айтуу жетиштүү болот. Ошондой эле, эгерде сыйынуучу отуруп алып, мындай сөздөрдү айтса жетиштүү болот: “Сенин бирдигиң туурасында жана Сенин жападан-жалгыздыгың туурасында, ошондой эле Сен Кудайдын өзү жана Сенден бөлөк, башка Кудайдын жок экендиги туурасында күбө өтөм”./

Бахаулла