Узак келме

Күн сайын бир жолу окулат

/Бул келмени окугандар ордунан туруп, оң ийнине, анан сол ийнине ыклас кылып, Ченемсиз Кайрымдуу, Чексиз Боорукер Жараткан Теңирге мындай деп кайрылуу керек/:

О, асманды жараткан, Баарыбызга, ысым берген. Кудай кудуретиңден! Көзгө көрүнбөгөн, Көккө бийик көтөрүлгөн, Ааламга жарык берген. Ченемсиз даңазалуу даңкың менен, От чыгар мен келтирген келмелердин, Далдалаган парданы өрттөп салсын. Жашырбай ай-чырайыңды менден, Сен турган мухитке алып барсын.

/Анан Кудайга кайрылган ушул келмеге кол тийгизип Ал урматтуу улук болсун, зоболуу бийик болсун деп төмөнкү сөздөрдү айтуу керек/:

О, ааламды жараткан бир Өзүң, О, адамдын көксөгөнү бир Өзүң! Кайрылам да жанынам. Жалынганды Өзүң көрүп турасың. Ниетим ак, дитим чаппай башкага, Сага гана байлангам. О, Жараткан Теңирим! Мен Кудайдын кулумун, Кулуңдун перзент уулумун! Мени көр көңүл бөлүп, Каалаган тилегимде даяр турган. Эркиңе моюн сунган. Сенден бөлөк эч кимди издебеген, Сыйынган бир Өзүңө, Чалкардай мээримиңдин нуру менен, Лазатыңдын күндүзгү күнү менен. Кандай каалап, кандайын туура көрсөң, - Так ошондой кулуңа буйругуң бар. Кагылайын Кудайым, кудуретиңден! Бийик турган мактоодон, эскерүүдөн! Сен мага алдыма ачып жараткандар – жанга дем, жанга жагат. Жан – дилим чын сүйүп, кабыл алат. О, Жараткан Теңирим! Алаксыба менин үмүт, иштериме, Жаза бер жазмышыңды. Асман жер кучагыңда, өз эркиңде. Сенин улуу, урматтуу атың менен. О, Кудай, кудуретиңден! Сен каалаган нерсени мен кааладым, Сен жактырган иштерди, мен жактырдым.

/Анан тизе бүгүп, башты жерге тийгизип, мындай деш керек/:

Сеникинен тышкары кандай сезим болбосун, Сен жогору турасың. Сеникинен тышкары кандай туюм болбосун, Сен жогору турасың.

/Анан өйдө туруп, мындай деш керек/:

О, Жараткан Теңирим! Мен келтирген келмени узак кыл да, Мүрөк суу агып чыккан булак кыл да. Сенин дооруң канча убак өкүм сүрсө. Так ошончо жашайын жылдан-жылга. Сенин сансыз дүйнөнүн ар биринде, Сени эскерип турайын ар күнүмдө.

/Анан колдору кайрадан келмеге тийип, мындай деш керек/:

О, кудурет! Сен жок болсоң- Жүрөк менен жаным эрип жок болот. Сен бар болсоң-Сүйүң менен дүйнө жанып от болот. Атыңды атап, мен Өзүңө жалынам. Жаралгандын баары Сага багынган. Айрылбайын Сенде болгон нерседен. О, Кудурет, баарын тейлеп, даарыган, Мени көрүп тургандырсың, Жараткан. Мен мусаапыр шашып Сага бараткан-Көкөлөп жаап турган этегиң, Чексиз бийик көтөрүлгөн үйүңө. Сенин жылуу мээримиңе бет алган, Сенин улуу урматыңды сүйүүгө. Боорукерлик кайрымыңдын чегине. Мен бактылуу акыры бир жете алсам. Сенин айкөл кечирүүңдү кең пейил. Издеп келген момунуңду карагын, Даңазаңдын короосуна умтулган. Көрсөң боло төмөн турган абалын. Байлыгыңдын таң нуруна умтулган. Байкушуңду кулпендеңдей санагын. Сенин эркиңине кааласаү, бурюрсаң. Мактоо Сага жарашат деп туюнган. Дитим Сенин буйругуңа бурулган, Осуят, ишиң жолтоосу жок угулган.

/Анан колду көккө көтөрүп, чексиз улуу ысымды үч мертебе кайталап, кайра жүгүнүп, колду тизеге коюп, Кудай алдында, Анын даңазасы менен зоболосу көтөрүлсүн – деген соң мындай деш керек/:

Көрүп турасың, кагылайын Теңирим! Сени эстеп, куса болуп. Сени даңктап, Сага умтулуп. Сага таазим кылууга – Он эки мүчөм, бүт делебем козголонду. Бийлик кылган өзтилиңде. Асманы кең билимиңде. Осуятыңды,Өз оозуң озуңдан айтканды-Менин дилим айгинелеп жатпайбы. Айланайын, Теңирим! Мына ушундай абалда, Сага умтулуп барам да. Баарын Сенден барып сурап алам да. Көрсөтүп менин байкуш экенимди, Көкөлөтүп Сенин байлык, берекеңди. Жана да менин алсыз экенимди, Келтирүүгө Сенин күч-кудуретиңди!

/Анан өйдө туруп, эки ирет колду көтөрүп, Кудайга жалынып, мындай деш керек/:

Кудурети күчтүү, Берекеси артык, Өзүңдөн башка Кудай жок. Башталышында да, аякталышында да осуят айткан. Өзүңдөн башка Кудай жок, О, Теңирим, кудуреттүү Кудайым! Кечиргениң – мага дем-күч, Сенин мээриң мага кубат, Чакырыгың мени ойготту. Жыргалың тургузду да алдыга алып басты. Сен жашаган шаардын капкасына. Антпесең, даап бардып турат белем? Көрүп турсуң, кагылайын Кудайым, Жыргалыңдын капкасын каккылаган, Жардамсыз байкуш жанды. Айланайын Кудайым! Осуяттың-осуяты бардык кылымдардын. О, Жараткан Теңирим! Теңирисиң бүт бардык ысымдардын. Аң-сезимдүү баш ийип же баш тартканым, Сенин гана эркиңде, асманды Жаратканым!

/Анан тизеге бүгүп, башты жерге тийгизип, мындай деш керек/:

Бардык улуу улуктан Кудай улуу!

/Анан тизе бүгүп, башты жерге тийгизип, мындай деш керек/:

Жанында тургандарды макташ үчүн, Жакындап асманыңа барыш үчүн. Бир Өзүңө берилген жүрөк кушу. Жетип барып капкаңды кагыш үчүн-Сен өтө эле алыссың да бийиксиң! Сенден башка Кудай жок! Эң даңктуусуң, эң урматтуу Улуксуң!

/Анан отуруп айтуу керек/:

Бардык жаратылгандар, Бардык топ жылдыздар, Жогорку бейште жашагандар, Улуулуктун Тили, шаңкайган асман бети, Далилденген бул чындыкты-Мен далилдеп күбөгө өтөм, Өзүңдөн башка Кудай жок деп. Ал бизге жарк ачылган керемет сыр, Кымбат Белги, баалуу Жышаан, Болсун десе, болуп калган. Ушул сөздүн тамгалары биригип, Бир сөз болуп кошулган. Анын аты Жогоркунун каламынан, Жараткандын Китебинде жазылган. Төбөмдөгү кең асманда. Төмөндөгү жер тагында, - Отургандын көңүлүнө басылган.

/Анан түз туруп мындай деш керек/:

О, мүлдө ааламда жашаганды Жасаган! Көзгө көрүнбөгөндү – көрүнгөндү Ээлеген! Шуу үшкүргөн демге кулак төшөгөн, Себелеген көз жашымды ээлеген. Үнүмдү уккан озондогон, онтогон. Жүрөктөгү ыйымды угуп жөлөгөн-Кудуретиңден айланайын Кудайым, Сенин сүйүп турганың, Мага байлык ээлеген. Эгер Сенден айрылсам, Ажал арбап мен өлөм. Оолактасам, бөлүнсөм, Ойрон болом Кудай уруп төбөмөн. Эрме чөлдө кадамыңа сыйынам. “Мен мындамын, мен мында!”-деп жалынам. Сен тандаган өкүлдөрүң, Бул сөздү айтып, ээн жерде табынган. Сен Ачканды-дем тутуп, Сен көрүнгөн –Таң шооратын мен жутуп, Ажарыңды бир карасам туюнам. Китебиңде жазылганды сактоону, Жазмыш мага буюрган.

/Анан Улуу Ысымды үч жолу кайталап, жүгүнүп тизени кармап, мындай деш керек/:

Айланайын, Кудайым! Сен эскерип табындым. Даңктаган жардам бердиң. Акылым менен тааныдым. Алкоо Сага, даңк Сага! Аян берген-Аткан Таңым Сенин Бийик Мартабаңда. Мажбур болуп жаткан чагым. Сенин Улуу Урматыңа Сенин эркиңе моюн сунууга жана өз ыктыярым менен багынуу жөндүү!

Андан соң катыштуу алакандардын үч ирет жаят да, да дейт:

Кудай ар кандай улуулуктардан ашыкча улуу!

Андан соң тизелей отурат да, жерге карай маңдайын ийип, дейт:

Сага карай жакын турган акылдаштарыңдын алкоосу Сенин жакыныраак келген Сенин асманыңа жеткидей болсун үчүн жана Сага берилген жүрөктөрдүн канаттуулары Сенин дарбазаңдын эшигине карай көтөрүлө алсын үчүн Сен өтө эле бийиксиң. Бардык аныктамалардан Сенин ашыкча касиеттүү жана бардык ысымдардан ашыкча ыйык экендигиңе күбө өтөм. Өтө көкөлөтүлгөн, Бардыгынан даңктуу Сенден бөлөк, Кудай жок.

Андан соң отурат да, дейт/:

Бардык жаратылгандар, тоолук Адамдар да, өтө жогорудагы Бейиштин жашоочулары да, алардан тышкарылар да, бардыгынан даңктуу Көк мейкиндин Улуулугунун Оозунун өзү: Сен Кудайдын өзү экендигиңди, Сенден бөлөк, Кудай жок экендигин, ошондой эле Ким келген болсо, Ким аркылуу “Болсун” деген сөздүн тамгалары бирге бириктирилген жана бекитилген болсо, Ошол Касиеттүү Сырдын, Асыл нарктуу Элестин өзү экендиги туурасында күбө өтүшсө, ошолор туурасында күбө өтөм. Кимдин ысмы. Бардыгынан жогорунун Калеми менен чийилген жана Кимде-ким Кудайдын Китептеринде, тоодогу жана өрөөндүү жердеги Тактынын Ээси тарабынан эске алынган болсо, Ошонун өзү Ал экендигинде күбө өтөм.

Андан соң өйдө болот да, дейт/:

О, бардык жандардын Теңири жана бардык көрүнгөндөрдүн жана көрүнбөгөндөрдүн Ээси! Сен менин көз жаштарыма жана үшкүрүктөрүмө назар салып, ошондой эле менин онтоолорумду жана менин боздогондорумду, ананда менин жүрөгүмдүн ыйларын угуп отурасың. Сенин күч-кубатыңдын алдында аңт беремин. Менин жазыктуу күнөөлөрүм мени Сага карай жакындоого мүмкүнчүлүк беришпей отурушат, андыктан менин күнөөлөрүм мени Сенин олуялык сарайыңдан оолагыраак кармап жатышат. О, менин Теңирим, Сенин сүйүүң мени байытты, Сенден ажыроонун өзү мени ойрондоп, анан да, Сенден алыстоо мени жок кылат. Ошол чөлдөгү Сенин издериң менен, ошондой эле ошол учу-кыйыры жокто Сенин Тандалмаларың айтышкан “Мен мына, Мен мына ” деген сөздөр мене да, Сенин Ачылыштарыңдын деми менен да, Сенин Келишиңдин Шоокумунун назик желаргысы менен да- мен Сенин ырайыңды өз көзүм менен көрө жана Сенин Китебиңде эмне болсо, ошонун бардыгын кармана алгыдай орундаштыр, деп Сага сыйынам.

Адан соң Өтө улуу Ысымды “Алла-у-Абха”-деп үч ирет кайталайт, эңкейет, колдорун тизелерине алып, анан дейт/:

О, айланайын Кудайым! Сага алкоо, анткени Сен мага эске алууга жана мактоого жардам эттиң, ошондой эле Кимде – ким Сенин жышаандарыңдын Таңынын өзү болсо, Ошону тааныта, алдың, анан да, мени Сенин үстөмдүгүңдүн алдында жүгүнүүгө , ошондой эле Сенин Кудайчылыгыңдын алдында моюн сунууга, анан да, Сенин улуулугуңдун Оозу эмнени оозанса, ошону моюнга алууга мажбурладың.

Андан соң өйдө болот да, дейт/:

О, Кудай айланайын Кудайым! Менин белим өзүмдүн күнөөлөрүмдүн эзүүсү астында ийилди, анан да, мени өзүмдүн шалаакылыгым ойрон кылып жатат. Ар кандай, мен өзүмдүн жосунсуз жоруктарым жөнүндө жана Сенин изги ниеттериң туурасына ойлогон мезгилде менин жүрөгүм сыртка чыкпай ээрип, ал эми каңым болсо, кан тамырларымда кайнайт. О, Сен, дүйүнө жүзүнүн Эңсөөсү Сенин сулуулугуңдун алдында ант берем! Мен өзүмдүн жүзүмдү Сага карай көтөрүүгө батына албайм жана Сенин марттыгыңдын асманына карай менин сыйынган колдорумду катыштыруудан уялам. О, менин Кудайым, менин көз жаштарым Сени эске алууга жана Сенин изги нерселериңди көкөлөтө даңктоого мага кандайча мүмкүнчүлүк бербей жатат. О, Сен тоодогу жана өрөөндүү жердеги Тактынын Ээси, көрүп турасың! Сенин Падышачылыгыңдын жышаандары Сенин өкүмчүлүгүңдүн сырлары менен Сага жалбарам, - о, бардык жандуунун Теңири, Сенин жоомарттыгыңа кандайы ылайык келсе, о, көрүнгөн жана көрүнбөгөн Падышасы, Сенин ак көңүлдүүлүгүңө окшошо алса, Сенин сүйгөндөрүңө ошону жаса!

Андан соң Өтө улуу Ысымды “Алла-У-Абха” деп үч ирет кайталайт, тизелей отурат да, жерге карай маңдайын ийип, дейт/:

О, менин Кудайым, Сага алкоо, анткени Сен бизди Сага карай эмне жакындатса жана бизге бардык жакшылыктарды берсе, Сен тарабынан Сенин Китептериңдеги жана Сенин Жазмаларыңдагы эмнелер ылдый жөнөтулсө, ошолорду бизге төмөнгө жөнөттүң. О, менин Теңирим, кыялдагы, шаңдуу ойлордун жана курулай тилектердин кошуунунан бизди сакта деп, Сага сыйынабыз. Сен, акыйкатында, Күч – кубаттуусун, Бардыгын билүүчүсүң.

Андан соң башын көтөрүп, отурат да, дейт/:

О, Кудайым, Сенин Тандамалдарың эмнелер туурасында күбө өтүшкөн болсо, ошолор туурасында күбө өтөмүн, анан да бардыгынан жогору Бейиштин тургундары тарабынан жана Сенин күч-кубаттуу Тактыңды эмнелер курчап турса, ошолор тарабынан эмнелер моюнга алынса, ошолорду моюнга аламын. О, дүйнөлөрдүн Теңири, жердеги жана көктөгү падышачылык Сенин маңызың!

Бахаулла

Милдеттүү сыйнууларды окууга тиешелүү болгон “Китаб-и-Агдас” обзору жана мыйзамдар жана аныктамалар жыйнагынан алынган үзүндүлөр

/Түзүүчүлөрдүн эскертүүлөрү чарчы кашааларда/

Күн сайын үч милдеттүү намаз бар... Динчилге ушул үч милдеттүү сыйынуулардын ичинен бирөөсүн тандап алуу эркиндиги берилген, бирок ал аны өзү тандап алган сыйынуу коштоло турган ошол аныкталып алынган насыяттарга ылайык окууга тийиш.