Шоги Эффендинин ысмынан жазылган каттардан

-Милдеттүү намазды окуу учурунда Кыбылага /Израиль, Аккага жакын Бахиджидеги ыйык жай/карап бурулуу милдеттүү.

-Милдеттүү намазды окуу он беш жаш деп белгиленген жетилүү курагына жеткендигине карап эркек жана аялдарга милдет болуп жүктөлөт.

-Милдеттүү намазды окуу зарылдыгынан: оорулуулар, жетимиш жаштан жогору адамдар, аялдар айызы келген учурда, алар даарат алуу жана атайын келген ырды /”Кудай, Жаркырап туруунун жана Сулуулуктун Теңири даңктуу болсун ”/ күн сайын 95 ирет кайталоо шартында бошотулат.

-Милдеттүү намазды жекече окуу жөндүү.

-Милдеттүү Сыйынуулар менен байланыштуу эске алынган “Эрте менен”, “күндүз” жана “кечинде”, ылайыгына жараша, күндүн чыгышы менен чак түштүн ортосундагы, чак түш менен күндүн батышы ортосундагы аралыкты жана күндүн батышынан кийинки мезгилдин эки сааттык убакытын билдирет.

-Кыска Милдеттүү намазды туруп окуу артыкчылыктуу.

-Даарат алуу Милдеттүү намаз окуудан мурда болуп өтүүгө тийиш.

-Суу жок болгон учурда, ошондой эле эгерде аны пайдалануу бет же кол үчүн зыяндуу болсо, анда атайын келген ырды / “Кудай Өтө таза, өтө таза Кудайдын урматына”/ беш ирет айтуу жөнддүү.

-Милдеттүү намазды окуунун алдында, эгерде ал башка максаттар үчүн жасалып өткөн болсо, / бул кийинки пункттан ачылып берилгендегидей, кадимки эле жуунуу эмес, а ырым-жырымга ылайык даарат алуу эске алынып жатат/ даарат алууну кайталоо талап кылынбайт. Анын алдында адам жуундубу же жокпу, ага байланыштуу эмес, даарат алуу зарыл.

-Саякаттоо мезгилинде же башка бир шарттар учурунда Милдеттүү намазды өткөрүп жиберүүнүн ар бир коркунучтуу жагдайында башты жерге тийгизе жүгүнүү жана бөтөнчө ырды айтуу/ “Кудай, Күч-кубаттын жана Улуулуктун, Жыргалдын жаан Жоомарттыктын Теңири даңктуу болсун”; жөн эле: “Кудай даңктуу болсун” деп айтса да болот/ орундуу, андан кийин башка бир бөтөнчө ырды/ “Кудай, жердеги жана көктөгү дүйнөнүн Ээси даңктуу болсун” он сегиз жолу кайталоо жөндүү.