Диний жыйындар

Кантсе да аларга / элдин тандалган өкүлдөрүнө / Анын кызматчыларынын арасындагы ишеничти аткарууга жана өздөрүн жердин бардык тургундарынын өкүлдөрү катары саноого туура келет. Кимде-ким Башкаруучунун, Бардыгынан акылмандын өзү болсо, ошонун Жадыбалында аларга бергилген кеңеш ушундай. Андыктан эгерде алардын ичинен кимдир-бирөө Жыйынга жөнөй турган болсо, ал өзүнүн карегин Жогорку асман мейкиндигине бурат да, дейт/: О, менин Кудайым! Сенин өзгөчө даңктуу ысмың менен Сенден суранам-Сенин кызматчыңдын иштери жана Сенин шаарларың эмнеден улам гүлдөй турган болсо, ошону мага аткарууга жардам бер.Сенин, акыйкатында, бардык жандардын үстүнөн бийлигиң бар!

Кимде ким Кудайдын ысмынын урматына Жыйында чыгып сүйлөсө жана адамдар ортосунда адилеттүүлүккө жараша калыстык кылса, ошол ырахат алат. Ал, акыйкатында, ак бата алгандардан.

Бахаулла

Ар кандай учурда жыйындар залына кирип, ушул кичени Кудайга карата сүйүүдөн улам санаасы тынбаган жүрөк менен, ошондой эле силерге жогорку жеңишке жетүүгө Бардыгын кармап туруучу ак көңүлдүүлүк менен жардам бергидей болсун үчүн, Ал туурасында эске алуулардан тышкары бардык нерселерден тазаланган тил менен окугула.

О, Кудай, жараткан Кудайым! Биз ушул даңктуу Күнү,Сенден бөлөк, бардык башка нерселерден баш тартып,Сенин Ыйык Ажарыңа карай берилип кайрылган Сенин кызматчыларыңбыз. Биз ушул Рух Жыйынына, көз караштарында жана ойлорунда бир тилектеш болгондор, бир гана-адамдардын арасында Сенин Сөздөрүңдү көкөлөтүү максаты менен чогулуп отурабыз.О,Теңир,биздин Кудай! Бизди Сенин Кудайлык Жетекчилигиңдин белгилери, адамдар арасындагы Сенин көкөлөтүлгөн Ишенимиңдин Асабалары, Сенин күч-кубаттуу Осуятыңдын кызматчылары, ошондой эле, о биздин Бардыгынан жогорку Теңирибиз, Сенин Абха Падышачылыгыңдагы Сенин Кудайлык Бирдигиңдин кубулуштары жана бардык. өрөөндөрдүн үстүндө жаркыраган нурлуу жылдыздары кыл.Теңир! Бизди Сенин таңданткан Жыргальңдын жогору көтөрүлгөн толкундуу деңиздерин, Сенин бардыгынан даңктуу Бийиктигиңден сызылып аккан агындарын, сенин көктөгү Иштериңди Дарагындагы жагымдуу жемиштериң, Сенин ыйык Жүзүмзарыңдагы Сенин Жоомарттыгыңдын желаргысынан улам термелген сабактарың болууга жардам бер. О, Кудай! Биздин жан дүйнөлөрүбүздү Сенин Кудайлык Бирдигиңдин ырлары менен каныктыр, биз бир деңиздин толкундары сыяктуу бириге, ошондой эле Сенин жаркыраган Жарыгыңдын нурлары сыяктуу төгүлө алгыдай, биздин ойлорубуз, биздин көз караштарыбыз, биздин сезимдерибиз бардык дүйнө жүзү боюнча ынтымактын руху болуп эсептелген бирдиктүү маңызы катары кала алгыдай болсун үчүн биздин жүрөктөрүбүздү Сенин Жыргалыңдын чечилип айтылган сырлары менен кубант. Сен Жакшылыктуусуң, Жоомартсың, Сыйкорсуң, Бардыгынан күч-кубаттуусуң, Ырайымдуусуң, Жан тартуучусуң.

Абдул-Баха

Диний Жыйындын чогулушун жабуу учурунда окуу үчүн багышталган келме.

О, Кудай! О, Кудай! Өзүңдүн жалгыз жашаган көрүнбөгөн дүйнөңдөн, Сага ишенгендер, Сенин белгилериңе ишенүүчүлөр, Сенин Осуятыңа жана Сенин Мурасыңа туруктуулар, Сага таңданып суктангандар, Сага карата сүйүүнүн оту менен жалындагандар жана Сенин Ишиңе ак ниеттүүлөр ушул диний жолугушууга биз кандайча чогулдук, карегиңди сал. Биз-Сенин жүзүм зарыңдагы кызматчыларыбыз, Сенин ишенимиңдин жарчыларыбыз, Сенин ажарыңа бирилип таазим этишкен, Сенин сүйгөндөрүңдүн алдында моюн сунган, Сенин дарбазаңдын жанындагы багынган жана бизди Сен тарабынан тандалгандардын кызматын кылууга бекитүүнү, Сенин көзгө көрүнбөс кошуундарыңдын бизди колдоп турсун, Сага кызмат кылуудагы биздин жан дүйнөбүздү чыңдоону жана бизди тиешебиз болгон Сенин баш ийген жана сүйүнгөн жарандарыңа айлантууну жалынып-жалбарып суранышкан жарчыларыбыз.

О, биздин Теңирибиз! Биз алсызбыз, ал эми Сен болсо- Күч- кубаттуусуң жана Күчтүүсүң, Биз жансызбыз, ал эми Сен болсо-улуу жандандыруучу Рухсуң. Биз жакырчылыктабыз, алми эми Сен болсо-Берүүчүсүң, Күч-кубаттуусуң.

О, биздин Теңир! Биздин жүзүбүздү Сенин боорукер Ажарыңан бур, бизди Сенин көктөгү дасторхонуңдун мол берекеси менен тойгус, бизге Сенин бардыгынан жогорку периштелериңдин кошууну менен жардам бер жана бизге бийик Абха Падышачылыгы аркылуу ишеним жөнөт. Сен, акыйкатында, Жоомартсың, Ак көңүлдүүсүң. Сен улуу белектердин Ээсисиң, ошондой эле Сен, акыйкатыңда, Бардыгын сүйүүчүсүң жана Жакшылыксың.

Абдул-Баха