Балдар жана жаштар

О, Кудай, мени жетекте, мени сакта, мени жарык чырак жана нуру төгүлгөн жылдыз кыл. Сен Күч-кубаттуусун жана Күчтүүсүң.

Абдул-Баха

О, Кудай! Ушул наристени Сенин сүйүүңдүн кучагында өстүр жана Сенин Кудуретиңдин эмчегинен чыккан сүттөн бер. Ушул жаш өсүмдүктү Сенин сүйүүңдүн розалуу багында асыра жана Сенин жоомарттыгыңдын нөшөрү менен ага өсүүгө жардам бер. Аны бейпилчилигиңдин баласы кыл жана аны Сенин бейиш ээлигиңе жетеле. Сен Күч-кубаттуусуң жана Жагымдуусуң, Сен Сыйкорсуң, Айкөлсүң, эң сонун Ак көңүлдүүлүктүн Теңирисиң.

Абдул-Баха

О, Кудай! Ушул балдарды тарбияла. Ушул балдар-Сенин багыңдын өсүмдүктөрү, Сенин көк жайык талааңдын гүлдөрү, Сенин гүлзарыңдын розалары. Сенин жамгырың аларга жаасын: Акыйкат Күнү аларды Сенин сүйүүң менен жаркыратсын. Алар өссүн, үйрөнсүн, өнүксүн жана сымбаты келишип турсун үчүн аларды Сенин желаргың сергитип турсун.

Сен сыйкорсуң. Сен Жан тартуучусуң.

Абдул-Баха

О, жагымдуу Теңир! Ушул таң каларлык балдар-Сенин күч-кубаттуулугуңдун манжаларынын жаратканы жана Сенин Улуулугуңдун ажайып жышаандары. О, Кудай! Ушул балдарды сакта, алардын билим алышына ак көңүлдүүлүк менен жардам бер жана аларды дүйнө элине кызмат кылууга ылайык көр. О, Кудай! Ушул боор эт бермет маңызы, ылайым, алар Сенин назик камкордугуңдун калканычында бөпөлөнгүдөй болсун!

Абдул-Баха

О, Теңир! Ушул жаш жаратылышты жарык менен орунда жана ушул алсыз жанды Сенин жоомарттыгың менен сыйла. Ага билим энчиле, ар бир күндүн шоокумунда анын күчүнө күч кош жана ал адашуулардан бошонсун, өзүн Сенин Ишиңе арнасын, адашкандарды жолго салсын, бактысыздарды жетелесин, кул болгондорду куткарсын жана кош көңүлдөрдү ойготсун үчүн, ар ким Сени эске алуу жана мактоо менен бата алсын үчүн аны Сенин коргооңдун жашынар жайында сакта.

Сен Күч-кубаттуусуң жана Күчтүүсүң.

Абдул-Баха

О, Теңдешсиз Теңир! Ушул бечера жаратылыш үчүн жашынар жай жана ушул адашкан жана бакытсыз жан үчүн мээримдүү жана кечиримдүү Насаатчы бол. О, Теңир! Биз бардык болгону эч нерсеге жарабаган өсүмдүкпүз, бирок биз Сенин розалуу багыңа таандыкпыз. Мейли, биз жалбырактары жок көчөттөр жана ачыла элек гүлдөр гана бололу, бирок биз-Сенин гүлзарыңдын бөлүгүбүз. Ушул көк тамырды Сенин назик ак көңүлдүүлүгүңдүн булуттарынан жамгыры менен азыктандыр,жандант жана ушул көчөттү Сенин жан дүйнөңдүн жазынын жандандыруучу деми менен оңолот. Ага сезимтал, баамчыл жана нарктуу болууга мүмкүнчүлүк бер жана түбөлүктүү өмүргө анын жетүүсүн жана кылымдар бою Сенин Падышачылыгыңда болуусун ылайык көр.

Абдул-Баха