Узун намаз

Суткасына бир жолу окулат

/Бул намазды окуган тикесинен турат да, Кудайга карай бурулат, ошентип ордунда туруп, Өтө ырайымдуу, Жан тартуучу Теңиринин ак көңүлүн күткөн сыяктуу оң жана сол жагын карайт. Андан соң, дейт/:

О, Сен, Кимде-ким бардык ысымдардын Теңири болсо, ошонун өзү жана көктүн Жаратуучусу. Кимде-ким Өтө көкөлөтүлгөн, Бардыгынан даңктуу Сенин көзгө көрүнбөс Маңызыңдын Таңынын өзөгү болсо, ошолор менен менин сыйынуумду Сенин сулуулугуңдан мени ажыратып турган көшөгөнү өрттөгүдөй отко, ошондой эле Сенин катышып отурууңдун океанына карай мени алып баргыдай жарыкка айландыр деп Сага сыйынам.

Андан соң Кудайга кайрылып сыйынып, - ылайым, Ал ак баталуу болсун жана көкөлөп турсун, - ага тиешелүү алакандарын жайып, дейт:

О, Сен, жарык дүйнө Эңсөөсү жана элдердин Сүйгөнү! Сенден бөлөк, башкаларга карата ар кандай байланып калуучулуктардан баш тартып, ошондой эле бардык жаратуулар анын кыймылы менен козголгон Сенин учугуңдан кармап, Сага карай менин кандайча кайрылып жаткандыгымды көрүп турасың. О, менин Теңирим, мен Сенин кызматчыңмын, ошондой эле Сенин кызматчыңдын уулумун. Карегиңе ал, - мына мен Сенин ырайыңан кыйгап, башканы издебеген, Сенин эркиңди жана Сенин тилегиңди аткарууга даяр, Сенин алдыңда турам. Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн Океаны жана Сенин жыргалыңды Күндүзгү Жылдызы менен: Сага кандай ылайык келсе жана кааласаң, Сенин кызматчыңа ошондой мамиле жасай бер, –деп Сага сыйынам. Ар кандай эске салуу жана алкоолордон алда канча ашып түшкөн Сенин күч-кубатың менен ант берем! Сен тарабынан эмнелер ачылса, бардыгы менин жүрөгүмдүн эңсөөсү жана менин жан дүйнөмдүн сүйгүнчүгү. О, Кудайым, айланайын Кудайым! О, жок, менин үмүт эткендериме жана менин кылык-жоруктарыма караба! – Көк менен жерди камтыган Өзүңдүн эркиңди гана ээрчи! О, Сен, бардык элдердин Теңири, Сенин Эң улуу Ысмың менен ант берем! Сен эмнени эңсесең, мен ошону гана кааладым, андыктан Сен эмнени сүйсөң, ошону гана жактырып калдым.

/Андан соң тизелей отурат да, жерге карай маңдайын ийип, дейт/:

Сенин Өзүңдөн бөлөк, башка бардык ашыкча жогору баяндоолордон, ошондой эле Сенден тышкары бардык жандуулардын ашыкча жогору түшүндүүлөрдүн Сен жогорусуң.

/Андан соң өйдө болот да, дейт/:

О, менин Теңирим, азырынча Сенин чексиз үстөмдүгүң өкүм сүрүп турганда мен аны менен жашагыдай, ошондой эле Сенин дүйнөлөрүңдүн ар бир дүйнөсүндө Сени эске алгыдай болуум үчүн менин сыйынуумду мүрөк сууларынын булагы кыл.

/Андан соң кайрадан сыйынууга катыштуу алакандарын жаят да, дейт/:

О, Сен, Кимдер менен ажырашып жашоодо жүрөктөр жана жан дүйнөлөр -ээриди жана бүткүл дүйнө жүзү Кимдин сүйүүсүнүн оту менен жалындады! Сен бардык жаратылгандарды ким менен багындырсаң, ошол Сенин ысмың менен: бардык адамдарды Ким башкарып жатса, ошол, о, Сен, Сени менен эмне болсо, ошондон мени ажыратпа, деп Сага сыйынам! О, менин Теңирим, - ушул дервиш Сенин улуулугуңду көлөкөсү алдында жана Сенин ырайымдуулугуңдун чектеринде өзүнүн эң бийик турак жайына шашылууда, ушул күнөөкөр Сенин кечиримиңдин океанына карай, ушул басынган – Сенин даңкыңдын сарайын карай, ушул жакыр – Сенин байлыгыңдын чыккан жерине карай жөнөшүүдө. Эмнени эңсесең, ошону буйрууга Сенин бийлигиң бар. Сенин иштериңде Сени мактоого жана Сенин осуяттарыңда Сага баш ийүүгө туура келет, Сени буйруктарыңда эркин болууга Сага гана жарашат, деп күбө өтөм.

Андан соң катышы бар алакандарын жаят да, Эң улуу Алла-у-Абха ысымды үч ирет кайталайт. Андан соң, Кудай алдында, - ылайым, Ак ак баталуу болсун жана көкөлөп турсун, - колдорун тизелерине алып, эңкейет да, дейт:

О, Кудайым, Сага табынууга умтулуп жана Сени эске алууну, ошондой эле Сени даңтоону дилгирлене каалап, менин бүтүндөй денемде менин рухум кандайча жалындады, Сенин сөздөрүңдүн тутумдуу айкалышынын дүйнөсүндө жана Сенин билимдериңдин асмандарында Сенин Осуятыңдын Оозу эмне туурасында күбө өтсө, ошол туурасында ал кандайча күбө өтүп жатат, көрүп турасың. О, менин Теңирим, ушул абалда туруп, мен өзүмдүн жакырлыгымды көрсөтсө жана Сенин жоомарттыгыңды жана Сенин байлыгыңды көкөлөтө алгыдай, өзүмдүн алсыздыгымды моюнга алып, ошондой эле Сенин алыңды жана күч-кубатыңды ачып бере алгыдай болуу үчүн Сенде эмне болсо, бардыгын Сенден сурагым келет.

Андан соң өйдө болот да, сыйынууга катыштуу алакандарын эки ирет жаят да, дейт:

Бардыгынан күч-кубаттуу, Бардыгынан жоомарт Сенден бөлөк, башка Кудай жок. А дегенде кандай болсо, аягында да, дал ошондой болгон Орундаштыруучу Сенден бөлөк, башка Кудай жок. О, Кудай айланайын Кудайым! Сенин кечиримиң менин көңүлүмдү көтөрдү, Сенин ак көңүлдүүлүгүң мага күч берди, Сенин чакырыгың мени ойготту, Сенин ырайың мени көтөрдү жана Сага карай алып келди. Мындай болгондо Сага жакыныраак келген шаарчаңдын дарбазасынын жанында турууга мен кандайча батына же Сенин эркиңдин асманынан жарк эткен отторуңа карай менин жүзүмдү бура алар элем? О, менин Теңирим, Сенин ырайыңдын эшигин черткен ушул бечера пендени, ошондой эле Сенин марттыгыңдын колдорунан чексиз жашоонун өзөнүн издеген, ушул жандай салып өтүп бара жаткан жанды, Сен көрүп турасың. Бардык ысымдардын Теңиринин өзү Ким болсо, ошол, о, Сен, Сага-бардык учурларда бийлик жүргүзүүгө туура келет; о, көктүн Жаратуучусу, мага Жүгүндүрүп, таазим кылдырган, Кереметтүү Кеңдигиңе, Кол кууштуруп, кулдук урдурган, Сенин Улуу Тилиң менен айтылган-Урматыңды моюнга алдырган. Алкоо Сага, Даңк Сага, Касиеттиңден кагылайын Кудайым!

/Анан өйдө туруп мындай деш керек/:

О, Теңирим, кудуреттүү Кудайым! Күнөөмдүн салмагынан, Бел ийилип боздодум. Камаарыбай калганыман – Ойрон болот окшодум. Менин кылган жамандыгым, жоругум, Мээни мыжып, кут учурат, ойлосом. Аалам эңсеп, үмүт кылган, Ай-чырайлуу Теңирим! Мен уялам, тик көтөрүп турасың, Аккан менин көз жашым, Алкаганга Сени эскертпей жатпайбы. Сенин кылган кайрымыңды, Кантип эске сактайлы. Асман тагын, жер аймагын ээлеген, О, Жараткан Эгедер! Аян берген сөөлөтүңдү пир туту, Сенин өкүм-бийлигиңди сыр тутуп. Сага теңир, сыйынам! Сенин жоомарт пейлиңдей, Сен жактырып сүйгөндөрдү – Дал Өзүңдөй туюнам. Мүлдө ааламды кармап турган Кудайым, Кандай сонун Сенин берген жыргалың. Көрүнгөн же көрүнбөгөн нерсенин Өкүмдары! Бийлигиңде бир Сенин!

/Анан улуу Урматтуу Ысымды үч кайталап, тизе бүгүп маңдайды жерге тийгизип, мындай деш керек/:

Кудайга шүгүр, алкыш Сага! Өзүңө тартып алганыңа. Берген ырыскы-шыбагаңа, Баарына жакшылык кылганыңа, Көктөн жөнөткөн Китебиңе. Жазган Жазуу – Буйругуңа. Калкала бизди, сакта жана Азгырбасын жалган санаа. Курулай эмес, шаан-шөкөт, Кудайга тообо, жалынам Сага! Баарын берген, баарын көргөн кудуреттүү Акыйкатта бир Өзүң гана!

/Анан башын көтөрүп, отуруп келме келтирет/:

О, Жараткан Теңирим! Тандамал Сенин өкүлдөрүң. Күбө болуп, эмнени далилдегенин-Күбө өтүп, мен да далилдеймин. Жогорку Бейиште жашагандар, Кимди акылы менен тааныганын – Мен да таанып, - табынамын. Сенин керемет тагыңды, Эмнелер курчап турганын – Таанып – билип таазим кыламын. Асманда, жерде өкүм сүргөнүн – Ал негизиң, Сенин өзөгүң, Чыныгы Ээси Сенсиң дүйнөнүн!

Акыйкатта билип кой. Кудайдын ар бир доорунда Кудайдын Аяны адамдардын рухий шык-жөндөмүнө жараша түздөн-түз жөнөтүлөт. Күндү алып көр. Күн жаңыдан чыга баштаганда анын нурлары алсыз чачырайт. Акырындап, бардык жандууларды күч алып бараткан жарыгына көндүрүп, ал чакыйып төбөгө келгиче жылуулугу жыргатып көбөйө берет. Ошондой эле күн уясына акырындап күчүн азайтып, меелүүндөп, сууп барып батат. Ал кокустан бүткүл алоолонгон жарыгынын кубаты менен чыга калса, дароо эле бардык жаратылгандарды куйкалап, өрттөп, кетмек... Ошол сыяктуу эле Чындыктын да күнү өзүнүн адепки пайда болгон мезгилинде Кудуреттүү Кудайдын аяны берген бардык күч-кубаты менен чыга калган болсо, жер жүзүндөгү адамзаттын акыл-эси дароо эле соолуп, кургап, куйкаланып калмак. Анын Аяндарынын жалбырттап жанганын Адам жүрөгү көтөрө албай, чагылышкан нурларына чыдай албай жарылып кетмек. Бүрүшүп, уйпаланып, куйкаланып отуруп, адамдар жашоосун токтотмок, жер үстүнөн жок болмок.

О, Кудай деген пенделер, жүрөгүңөрдү эң ишенимдүү, теңдешсиз Досуңардын акыл-кеңешине бургула, кунт коюп уккула. Кудайдын сөзү адамдардын жүрөктөрүнө тамырланып жаш көчөт сыяктуу болуу керек. Асманга андан да бийик көтөрүлүш үчүн, тамырыңар терең кирип, шак-бутактарыңар кең жайылып өсүш үчүн касиеттүү жана көтөрүңкү сөздөрдү сугарып турган даанышмандыктын мүрөк суусуна канып, силерге акылмандыктын өзөгүнөн чыгуу милдети тагылган.

О, силер жер үстүндө жашагандар! Чексиз улуу Ачылыштын артыкчылыгы тааныла турган өзгөчөлүк мына, мында биринчиден, адам баласынын арасында боло турган чыр-чатак, жаңжал, кыйнаттык, мүшкүлдөргө себепкерлердин бардыгын биз Кудайдын ыйык Китебинин барактарынан таптакыр өчүрүп салдык, экинчи жактан - толук жана туруктуу, бекем биримдиктин өз ара макулдашуу, келишүүлөрүнө, негизги шарттарды түздүк. Менин осуяттарымды сактагандар сөзсүз бейишке чыгат.

Атүгүл чыр-чатактын жыты жыттанган жерден бирин-бири сүйгөн ашык жарларды оолак болууга кайрадан – кайра акыл-кеңешибизди айттык. Дүйнө дүрбөлөң түшүп, чоң бүлгүнгө, ааламатка баратат, аны токтотууга адамдардын чамасы, акылы жетпей кала турган болду. Адамдарды Ал Өзүнүн атак-даңкынын адилеттүүлүгү менен агартып-көгөртүп, өзүнүн Кайрымын көрсөтүп, Ыйрамын төксө экен деп, жалынып суранабыз, алар үчүн ар кандай шартта, ар кандай убакта пайдалуу жол таап берүүсүн тилейбиз. Ал, акыйкатта, бардыгынан Жогору, бардыгына бийлик кылуучу Өкүмдөр.

Мен камактын каарынан камыгып, кайгырып турганым жок. Кемсинткенге да, кордогонго да, кыйнаганга да кейибейм. Душмандарымдын колунан эмне жамандык келсе, көтөрөм! Ал-мени даңкым болот, ал Даңк менен Кудай Өзүнүн шаңдуу кылган. Ооба, муну билип койгула!

Мен көтөрүүгө мажбур болгон маскаралык – даңка чулганды, ал бардык жаралгандарды курчады. Мен баштан өткөргөн катаал ырайымсыздык аркылуу адамдарга жарык чачкан Адилеттүүлүктүн Күндүзгү Шамчырагы жаркырады. Ким өзүн жаман адаттарга көндүрсө, мен ошого кайгырам, бирок Ырайымы артык, Кайрымдуу, Даңктуу Кудайдын Ишенимине таандык боолууга талаптандырат. Бахтын эли дүйнөдөгү тынчтык үчүн жана андагы бардык жаратылгандардын жыргалы үчүн өлүүгө туура келет, бейиштегилер алардын кийимдеринен касиеттүү куттун жыпарын искеш үчүн, Баардыгынан Ырайымдуу Кудайдын мээримин алардын жүздөрүнөн көрүш үчүн бардыгынан Кудуреттүү, бардыгынан Даанышман Кудайдын жышаан белгилери алар аркылуу жайылыш үчүн Бахтын эли жердеги ар нерседен баш тартууга туура келет. Кудайдын Ишинин жаркыраган Ысымын жаманатты кылгандар, дене жыргалына азырылгандар сөзсүз оор күнөөгө батат. О, жүйүттөр! Кудайдын Руху болгон Ыйсаны айкаш жыгачка кайра да кергиңер келсе, аны коюуп Мени кергиле, анткени ал мен болуп, Менин кейипимде кайрадан келди. Мени эмне кылсаңар ошо кылгыла, анткени Мен Кудай Жолунда Өз Өмүрүмдү кыюуга убада кылгам. Эч ким Мени коркута албайт, атүгүл бүт жер жүзүнүн, Асмандагы күчтөрдүн бардыгы биригип турса да сесетене албайт. Инжилди жолдоочулар! Кудайдын Русулу

О, садагаң кетейин Кудай! Алакан жайып, салбырап колум сунам, Сенин мээримиңди бейишиңди сурайм. Тилегимди кабыл кыл, О, кагылайын ырайымы артык Кайрымдуум!

/Анан отуруп, мындай деш керек/:

О, Жараткан Кудай! Жалганда жалгыз Өзүңсүң! Мээримиң бирдей төгүлсүн. Анткени, Өзүңдөн башка Кудай жок! Акыйкатта, осуятыңды орундап, Өз ишиңди аткардың. Асманда, жерде жашагандын, Баарына энчи кылып жыргалдарын, Эшигин бейишиңдин ачып салдың. Өзүң сүйгөн пенделерге, Өзүңдүн батаң тийсин. Куттук айтып, үйүнө тынчтык кирсин. Сый – урмат, даңка жетсин, Оомалуу-төкмөлүү өң кубулткан дүйнөдө, Өзүңдөн ажыратпай, Оопайлык, кемпайлык алыс кетсин...Өзүндө болгондорун Сага берген - Өзүңдөн үмүт кылган пенделерге, Тилеген тилегин берсин. Акыйкатты, баарын берген Өзүңсүң! Ар дайым кечирген да Өзүңсүң!

/Узак сөздөрдүн ордуна муну мындай деп колдонсо да болот/:

Кудай өзү көрүп турат, Кудайдын башка Кудай жок. Коркунучта колдоп алар, Жамандыкта жардам кылар, Жараткан Теңир бир Өзүң!

/Эгерде отуруп сыйынган киши так ушундай эле төмөнкү сөздөрдү айтса жетиштүү/:

Жараткан күч ааламда, Жалгыз гана Өзүңсүң! Кудуреттүү Кудайым, Өзүңдөн бөлөк Кудай жок.

Бахаулла