Ахмадка кат-наама

Ал Падышанын өзү, Бардыгын билүүчү, Акылман! Мына, Кудайдын жакындыгы жөнүндөгү кубанычтуу кабарды такыбаларга ыйык жана укулуктуу обондор менен жарыялап, кимде ким Кудайдын Бирдигине ишенсе, ошолорду Айкөл Теңир Өзү катышып отуруусунун сарайына чакырып, Кудай, Падыша, Даңктуу, Салыштырылгыс тарабынан келтирилген кат жөнүндө, ажырап кеткендерге кабарлап, ыйыктыктын тактысына жана ушул нуру төгүлгөн Сулуулукка ашык болгондорду жөнөтүп, Түбөлүктүүлүктүн Дарагынын бутактарында Бейиш булбулу сайрап жатат.

Акыйкатында, ушул адашуулардын айырмалана турган Ошол чындык жана ар кандай осуяттарда сынала турган акылмандык аркылуу Элчи Пайгамбарлар Китептеринди алдын ала айтылган ошол Улуу сулуулуктун өзү. Акыйкатында, Ал чексиз даңазалуу, чексиз кудуреттүү, эбегейсиз мөмөлөрү өнүп чыккан өмүр дарагынын өзү.

О, Ахмад! Акыйкатында, Ал Кудайдын өзү жана Падыша, Колдоочу, Теңдешсиз, Бардыгынан Кудуреттүү, Андан бөлөк Кудай жок экендигине деги күбө өтчү. Ошондой эле Али деген ат менен Кимди жөнөтсө, Ал Кудайдын чын кишиси биз бардыгыбыз анын жолун жолдоп, айтканы менен болобуз.

О, адамдар, Даңктуу, Акылдуу, Байан Китебинде алдын ала жазылган Кудайдын осуяттарына баш ийгиле. Акыйкатында, Ал элдердин Падышасынын өзү, ошондой эле Анын Китеби Эне-Китептин өзү, ылайым, ушул нерсе силерге белгилүү болсун, - деп.

Ушул зындандын ичинен Булбул өзүнүн чакырыгын силерге ушундайча кабарлайт. Ал ушул ачык катты өткөрүп берүүсү гана тийиш. Ким кааласа, ушул кеңештен баш тартсын, ал эми ким кааласа, өзүнүн Теңирине карай жолду тандасын.

О, адамдар, эгерде силер ушул сөздөрдү четке каксаңар, анда Силер ким аркылуу Кудайга ишендирдиңер деги далилиңер кайда? Алдамчы анткорлор, кана тапкыла жолуңарды.

Жо-жок, менин жан дүйнөм Кимдин колунда болсо, Ошону менен ант берем, алар а түгүл, бири-бирине жардам берүү үчүн биригишсин, муну эч качан жасай алышпайт.

О, Ахмад! Менин жогумда Менин белектеримди унутпа. Сен жашаган күндөрдө менин жашаган күндөрүмдү эсте, Менин кайгы-капамды жөнүндө жана куугунтукталып, камалып, камыгып жатканды эсте. Мени сүйгөндөн танба, туруктуу бол, кас душмандардын кылычтары жапыр суурулуп, башыңды алууга сунса да мүлдө асма менен жер биригип, Сага каршы турса да жүрөгүң солк этпесин.

Менин душмандарым үчүн оттун жалындай жана Менин сүйгөндөрүм үчүн түбөлүктүү жашоонун өзөн суусу сыяктуу бол, эчкачан ортодо олку-солку болгондордун арасында болбо.

Эгерде эле Менин жолумда сени кырсыктар чала турган болсо, эгерде эле Менин ысмымдан жоготууларга учурай турган болсоң, бул туурасында санаа тартпа, капаланба.

Кудайга таян, өзүңдүн Кудайңа, өзүңдүн бабаларың сыйынган Кудайга таян. Анткени адашуунун жолунда, көздөрү Кудайды көрбөй, кулактары Кудайды үнүн укпай, адамдар ак жолдон адашып баратат. Биз аларды адашкан жолдон таптык, ага өзүң күбөсүң.

Ушентип, адамдар жок нерсеге ишениш көздөрүн чел каптап, жүрөктөрүн дат басып, араларына көшөгө тартылып, даңазалуу, улуу Кудайдын ак жолунан адашып кетишти.

Сен Өзүңө ишен, чындыгында кылымдан кылымга бул сулуулуктан баш тарткандар өткөндөгү Кудайдын өкүлдөрүнөн да баш тартып, теңирге текерлигин көрсөттү.

О, Ахмад, ушул билген билимиңди бекем карма, муну Өзүңдүн күндөрүндө ырда жана андан токтолбо. Анткени, акыйкатында, аны ким ырдаса, Кудай аларга сыйлык кабары түз, азап чекеңди жана эки дүйнөдө тең урмат тартуулады, сен да ак бата алгандардын арасында болуш үчүн, жараткан теңирден жардамы менен биз сага бейиш жыргалдарын арнадык.

Кудайдын аты менен! Кимде-ким кырсык чалганда же азапка малынганда ушул кат-наманы жан-дили менен окуса, Кудай анын кайгысын таркатат, - анын кыйынчылыгын четет жана анын кырсыктарынан арылтат.

Ал, акыйкатында, Ак көңүл, Жан тартуучу. Кудай, бардык дүйнөлөрдүн Теңири даңктуу болсун!

Бахаулла