Алкоо жан ыраазылык

О, айланайын Кудайым, ар кандай алкоо, ылайым, Ким ар кандай даңктын жана улуулуктун, күчтүн жана сыймыктын, өкүмчүктүн жана үстөмдүктүн көкөлөөчүлүктүн жана жыргалдын, кастарлоонун жана бийликтин Башаты ошол, Сага буйурсун. Кимди кааласаң, ошону Сен эң улуу Океанга карай жакындатасың, ошондой эле кимге кааласаң, ошону Сен эң байыркы Ысмыңды билүү сыймыгын тартуулайсың. Көктө жана жерде эмне болсо, ошолордун ичинен эч кимиси Сенин өкүмчүлүк Эркиңди аткарууга каршы тура албайт. Бардык жаратылгандарды Сен түбөлүктүү башкарасың жана кылымдардан кылымдарга бардык жаратылгандарга Өзүңдүн үстөмдүгүңдү созосуң. Бардыгынан күч-кубаттуу, Өтө көкөлөтүлгөн, Бардыгынан күчтүү, Бардыгынан акылман, Сенден бөлөк, башка Кудай жок.

О, Теңир, алар Сени көрө алгыдай болсун үчүн, Сенин кулдарыңдын жүзүн жарык кыл; алар Сенин асмандагы ырайыңдын сарайына карай кайрыла жан Ким Сенин Келишиңдин жана Сенин Маңызыңдын Чыгышынан өзү болсо, Ошону тааный алгыдай болсун үчүн алардын жүрөктөрүн тазала. Акыйкатында, Сен бардык дүйнөлөрдүн Теңирисиң. Чеги жок, Бардыгын багындыруучу, Сенден бөлөк, Кудай жок.

Бахаулла

О, Теңир, айланайын Кудайым, ылайым, Сенин ысмың даңктангандай болсун!

Кимге бардыгы табынышса, Ошол Сенсиң, Сен эч кимге табынбайсың; бардыгынын үстүнөн үстөмдүк кылсаң жана эч кимге кызмат кылбайсың; Сен бардыгы жөнүндө билесиң жана Өзүң эч кимге белгисизсиң. Сен жөнүндө адамдардын билүүсүн Сен кааладың, ошондуктан Сенин оозуңдун бирдиктүү Сезү менен Сен аралуунун келип чыгышын буйрудуң жана Сен Ааламды жараттың. Дүйнөнү бычып-тигүүчү, Жаратуучу, Бардыгынан күч-кубаттуу, Бардыгынан күчтүү Сенден бөлөк Кудай жок.

Сенин Эркиңдин асман мейкининде жаркыраган Сөз менен, Сенин тандалгандарыңдын жүрөктөрүн Сен жанданткан жана мен ар кандай мезгилде бардык шарттарда Сага карай менин жүзүмдү бүт бойдон бура алгыдай болуу үчүн, Сени кимдер сүйсө, ошол жандарды кайрадан жараткан жандантуучу суулардан мага ичүүгө уруксат эт, - деп Сага сыйынам.

Сен күч-кубаттын, молчулуктун жана даңктын Кудайысың. Башкы Өкүмдөр, Бардыгынан даңктуу, Бардыгын жетектөөчү Сенден бөлөк, Кудай жок.

Бахаулла

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сен даңктуусуң! Сага ыраазылык билдиремин, анткени Сен мага Сенин Өзүңдүн Келишиңди таанууга уруксат бердиң жана Сенин душмандарыңдан мени алыстаттың, ошондой эле Сенин күндөрүңдөгү алардын кылган күнөөлөрүн жана кара санатайлык иштери менин көздөрүмдүн алдында ачтың, аларга болгон ар кандай кыйбастыктын мени куткардың, анан да, мага Сенин жыргалыңа жана Сенин жоомарт ак көңүлдүүлүгүңө баш-отум менен кайрылууга мүмкүнчүлүк бердиң. Дагы бир жолу Сага ыраазылыгымды билдиремин, себеби ишениминен тайыгандардын азгырыгынан жана диңге ишенбегендердин жолдон чыгаруучулугунан мени ушунчалык агарткан, Сага карай мен бүткүл жүрөгүм менен умтулган жана Сенин ажарыңдын жарыгын ким четке какса, ошолордон качкан, ошол Сенин эркиңдин булуттарынан мага Сен жөнөттүүң. Ошентип, карайдан Сага ыраазылык билдиремин, анткени Сага карай сүйүүдө туруктуу болууга, ошондой эле Сага алкоо айтууга, анан да, Сенин жакшылыктуу иштериңди ырдоого мага күч бердиң жана бардык көрүнгөн жана көрүнбөгөндөрдөн артыкчылык кылган Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн чөйчөгүнөн ичүүгө мага уруксат эттиң.

Сен Бардыгынан күч-кубаттуусуң, Өтө көкөлөтүлгөнсүң, Бардыгынан даңктуусуң, Бардыгын сүйүчүсүң.

Бахаулла

О, Теңир, айланайын Кудайым, Сен даңктуусуң! Сен, акыйкатында, Падышалардын Падышасысың, Сен кимге кааласаң, бийлик тартуулайсың, ошондой эле кимди кааласаң, бийликтен ажыратасың. Сен кимге кааласаң, көкөлөтүң, ошондой эле кимди кааласаң, төмөндөтөсүң. Сен кимге кааласаң, жеңиш тартуулайсың, ошондой эле кимди кааласаң, маскаралык болууга алып келесиң. Сен кимге кааласаң, байлык тартуулайсың, ошондой эле кимди кааласаң жакырчылыкка туш кыласың, Өзүңдүн эркиң боюнча ар кимге Сен жеңиш тартуулайсың. Сен кимдин үстүнөн болгон үстөмдүктү кааласаң, ошол үстөмдүктү кимге кааласаң, ошого тартуулайсың. Сен Өзүңдүн колуңда бардык дүйнө жаратылышын кармап турсың, андыктан Өзүңдүн өкүмчүлүк буйругуңдун күчү менен Сен кимди кааласаң, ошону жашоого алын келесиң. Акыйкатында, Сен Бардыгын жетектөөчүсүң, Бардыгынан күч-кубаттуусуң, күчтөрдүн Теңирисиң.

Баб

О, айланайын Кудайым, ар кандай улуулук жана даңк, ар кандай үстөмдүк, жарык, шаан-шөкөт жана жарк этүү Сага таандык. Кимге кааласаң, өкүмчүлүктү Сен ошого тартуулайсың. Кимден кааласаң, аны тартып аласың. Бардыгына ээлик кылуучу, Өтө көкөлөтүлгөн Сенден бөлөк Кудай жок. Сен жок жерден Ааламды жана андагы бардык жандарды жаратасың. Сенин Өзүңдөн бөлөк, Сага татыктуу богудай эч нерсе жок, - Сенден тышкары бөлөк, Сага татыктуу болгудай эч нерсе жок, - Сенден тышкары бөлөк бардыгы, Сенин ыйык катышып отурууңа маңызы катардан чыккандар жана Сенин Жашооңдогу даңктын алдында таптакыр санда жоктор гана.

Ырас, Сенин нарктуулугуңду, алар Сенин Өзүңдүн тарабынан Сенин салмактуу Китебиңде айтылгандагыга караганда, Сен: “Ага каректер жетпейт, бирок Ал каректерге жетет. Ал Көрөгөч, Баамчыл.” / Куран 6:103/деп айткандагыдан бөлөкчө менин айта алганым жок. О, айланайын Кудайым, Сага даңк, анткени, чындыгына келгенде, эч кандай акыл –эс же көз караш, ал кандай гана курч жана сезимтал болбосун, а түгүл Сенин белгилериңдин ичинен өтө эле мааниси жок нерселердин табиятына да жетпейт. Акыйкатын да, Сен Кудайдын өзүсүң, андыктан Сенден бөлөк Кудай жок. Бир Сен гана Өзүңдүн сапатыңды жүзөгө ашыра ала тургандыгына, Сенден бөлөк эч кимдимн алкоосу Сенин ыйык сарайыңа жете албай тургандыгына жана Сенин сапатыңа Сенден тышкары эч ким түшүнө албай тургандыгына күбө өтөмүн.

Сага даңк-Сен, Сенин Өзүңдөн тышкары кимдир-бирөөлөрдүн баяндоолорунан өтө жогору көкөлөтүлгөнсүң, анткени Сенин нарктуулугуңду тиешелүү түрдө мактоо же Сенин Маңызыңдын өтө терең табиятын түшүнө билүү адамзат акыл-эсинин мүмкүнчүлүктөрүнөн өтө жогору. Сенин жараткандарың Сени баяндасын же Сенин Өзүңдөн бөлөк, башка кимдер-бирөө Сени таанысын үчүн Сенин даңкың ылайык келбейт. О, айланайын Кудайым, Мен Спни таанып-билдим, себеби Сен Өзүң жөнүндө мага билдирдиң, андыктан качандыр-бир кезде Сен Өзүң мага келбесең мен Сени таанып-билмек эмесмин. Мен Сага табынамын, анткени Сен мени Өзүңө карай чакырдың, андыктан качандыр-бир кезде Сенин чакырыгың болбосо, мен Сага табынмак эмесмин. О, айланайын Кудайым, Сен даңктуусуң; мени айыптарым оор, андыктан менин күнөөрүм өтө чоң. Сенин ыйык катышып отурууңда менин көргүлүгүм ошончолук маскаралуу болуп калат. Сен мага Өзүңдүн кандай келтирсең, ошондой ченемде мен Сени таанып-биле алганым жок; Сенин чакырыгыңа татыктуу берилгендик менен мен Сага табына алганым жок; мен Саг баш ийе албадым, анткени Сен мени шыктандыргандагыдай Сенин сүйүүңдүн жолу боюнча жүргөнүм жок.

О, айланайын Кудайм, Сага эмне ылайыктуу болсо, ошол жандуулар түшүнүүгө чебер аракет кылышкандыктарынан бардыгынан ченемсиз улуураак жана бийигирээк мага Сенин күч-кубатың күбө өтөт. Акыйкатында, ошол Сага татыктуу боло, тургандай, Сага эч ким түшүнө албайт, андыктан жүгүнүүчү жандын эч кимиси, ушул Сенин эң сонундугуңа ылайык келгенден Сага жүгүнө албайт. О, кагылайын Кудайым, ар кандай жан эмнени баяндаса, ошондон жогору экендигинин ошончолук жеткиликтүү жана бардыгын камтыган далил баган Сенин белектериңдин төгүлүшүнүн ошончолук молдугу.

О, айланайын Кудайым! О, менин Төрөм! Сенин көп түрлүү жоомарттыгың жана Сенин даңкыңдын тактысы кимдерге негизделип жатса, ошол Сенин мыктыларың менен: ушул туруму жок жашоонун сыноолорун баштан кечирүүдө жана андан алда канча азыраак жазанын оордугу алдында чыдоодо, Сенин адилеттүүлүгүңдүн боюнча кимдерге таңууланса, анан ал Сенин колдооңдон улам чыкса жана ал түбөлүк болсо, кимдер күчсүздүк кылышса, ошол момун жандарга карай кайрылыш, -деп мен Сага жалбарам.

О, айланайын Кудайым, менин Төрөм жана менин Өкүмдарым, Сенин Өзүң менен-, мен үчүн тур, - деп мен Сага сыйынам. Мен Сенин адилеттүүлүгүңдөн Сенин ырайымдуулугуңа карай качтым. Өзүмдү жашыруу үчүн мен Сенин жана кимде-ким көз ирмемде да Сенин жолуңдан кайтпаса, ошолорду, Сенин жыргалыңдын жана жоомарттыгыңдын белгиси катарында жаратылууну Сен кимдер үчүн жараттың, ошолорду гана издем жүрөм.

Баб