Атайын келмелер Нике

Бахаи ишениминдеги нике эки тараптын баш кошуусуна жана жубайлардын чын сүйүүсүнө негизделет. Ошондой болсо да, алар эң эле этияттыкта бири биринин мүнөзү менен таанышууга тийиш. Алардын түбөлүктүү баш кошуусу бекем милдеттенме менен бекемделген болууга тийиш; ынтымакташууну, жолдошчулукту, биримдикти чыңдоого жана түбөлүктүү жашоого ээ болууга карай умтулуу зарыл.

Абдул-Баха

Никеге чейин жубайлардын ата-энеси да алардын баш кошушуна макулдугун бериш керек. Колукту тарабынан Үзөнчө жана күйөө тарабынан өзүнчө экиден аз эмес күбөлөрдүн катышып отуруусунда кабыл тутуп айтыла турган, жергиликтин Диний Жыйын тарабынан жактырылган никенин анты Китаб-и-Агдастан / Өтө Ыйык китептен\ алынган төмөндөгү аят:

«Акыйкатында, биз бардыгыбыз Кудайдын эрки менен болобуз.»

Анын өзү Сыйкор, Өтө Жоомарт! Ылайым, Түбөлүктүү Түштө жашоочу өзгөрүлбөсө чексиз кудайга алкоо! Ал жеке бирөө акыйкатында, Жалгыз, Чексиз, Көкөлөтүлгөн. Биз, акыйкатында, Өзүнүн Бирдигин ырастаган, Өзүнүн бөлүнбөстүгүн тааныткан, Андан бөлөк Кудай жок экендигине күбө өтөбүз. Ал эчким жетпес өз улуулугунун туу чокусунда бардык элдин эсинде, эскерүүсүндө жаркырап, түбөлүк жашап турат.

Ал адамдарга жыргал каалап, кайрым кылгысы келгенде аларга эреже, жол-жобо, мыйзамдарды ачкан, алардын ичинене Ал нике кыюу мыйзамын айрыкча аныктады, аны бакыт сепилиндей бекемдеп, Асмандан жөнөткөн .Анын Өтө ыйык Китебиндеги ыйык аяттар аркылуу мына муну буюрду бизге. Улуунун улуусу, даңктуунун даңктуусу Ал мындай дейт:

« О, адамдар, Менин кулдарымдын арасында Мени эскере турган перзент туулсун, ал үчүн Үйлөнгүлө, никеге тургула; ушунун өзү Менин силерге айткан насияттарымдын бирдей силер үчүн жардам болсун, аны жолдогула».

Бахаулла

Ал Кудайдын өзү! О, Салыштырылгыс Теңир! Сени бардыгын камтыган акылмандыгыңда ушул опаасы дүйнөдө муундар бирин бири алмаштыра албагыдай болсун үчүн жана кылымдар бою, дүйнө жашап жаткан соң, алар Сенин бирдигиңдин босогосунун жанында кызмат кылууда жана табынууда, аздектелүүдө жана алкоодо жүрсүн үчүн Сен адамдардын эр-катын болуучулугун алдын ала жаздың. « Алар Мага табынгыдай болсун үчүн гана Мен рухтарды жана адамдарды жараттым» / Куран:51-56 /.

Ошондуктан Сенин сүйүүңдүн уясынан ушул эки кушту Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн асманында нике кыйып кой жана ушул сүйүүнүн эки деңизинин кошулуусунан назиктиктин толкуну көтөрүлсүн жана укум-тукумдун таза жана кайырлуу берметтерин жашоонун жээгине алып чыксын үчүн аларды ашып-ташыган ак көңүлдүүлүктүн тартылуу түйүнү кыл. « Алар жолугушсун үчүн, ал эки деңизди бошотту. Алардын ортосунда алар өтө алгыс тоскоолдук бар. Силердин Теңириңердин жакшылыктуу иштеринин ичинен кайсынысын силер жалган деп эсептейт элеңер? Алардын экөөсүнөн улуу жана кичүү берметтер чыгышат. « /Куран: 55: 19-22/

О, Сен, жакшылыктуу Теңир! Ушул баш кошууга маржан жана берметтерди жаратууну бер. Сен, акыйкатында, Бардыгынан Кудуреттүү, эң улуусуң, Түбөлүк кечиримдүүсүң!

Абдул-Баха

О, айланайын Кудайым, Сага даңк! Акыйкатында, ушул Сенин кулуң жана ушул Сенин күнүң Сенин ырайымдуулугуңдун көлөкөсү алдында жолугушту жана Сенин жакшылык тилөөчүлүгүң жана шаан-шөкөтүң менен биригишүүдө . О, Теңир! Сенин ушул дүйнөңдө жана Сенин Падышачылыгыңда аларга жардам бер жана Сенин белектериң жана Сенин жыргалың аркылуу бардык жакшылыктарды алар үчүн аныкта. О, Теңир Сенин бийлигиңдин алдында аларды бекемде жана Сага кызмат кылууда аларга жардам бер. Сенин дүйнөңдө Сенин Ысымдарыңдын белгилеринен болуп калууга аларга уруксат бер жана ушул дүйнөдө жана келечектеги дүйнөдө соолубай турган Сенин белектериң менен аларды корго.

О, Теңир! Алар Сенин ырайымдуулугуңдун Падышачылыгы жөнүндө сыйынышат жана Сенин жападан жалгыздыгыңдын Падышачылыгы туурасында жалынышат. Акыйкатында, Сенин осуяттарыңды угууда алар ширелише калышат. Аларды өмүрлөрүнүн аягына чейин ынтымактын жана биримдиктин жышаандары кыл. Акыйкатында, Сен бардыгынан кудуреттүү, Бардыгына жетимдүү бардыгын бийлиген бир өзүңсүң

Абдул-Баха