Кечинде жана түндө

О, менин Кудайым, менин Төрөм, менин умтулууларымдын Максаты! Сенин кызматчың Сенин камкордугуң жана сактооң туурасында сыйынып, Сенин ырайымдуулугуңдун мекендеген жайында уктоону, Сенин жыргалыңдын түндүгү алдында эс алууну издейт.

О, менин Теңирим, ага Сенден бөлөк, башканы көрбөгүдөй болсун үчүн менин карашымды Сенин чырм этпеген көзүң менен корго, - деп Сенден суранам. Алар Сенин Жышаандарыңды аңдап-тааный жана Сенин Ачылышыңдын Көк мейкинин көрө алгыдай болсун үчүн менин көздөрүмө көрөгөчтүктү бер. Анын бардыгынан күч-кубаттуулугунун күбө өтүүсү алдында күчтөрдүн эң маңыздуусу титиресе, Ошонун өзү Сенсиң. Бардыгынан күчтүү, Бардыгын багындыруучу, Шексиз, Сенден бөлөк Кудай жок.

Бахаулла

О, Кудайым, айланайын Кудайым, алар Сен деп жапа чегишип, Сенден алыстап ажырагандыктарынан улам көздөрүн ирмебей жатышкан кезде мен кандайча уктоого чыгына алам? Ошондой эле Сени сүйгөн жандар Сенин катышып отурушуңдан алыста калышып алсырашкан кезде мен кандайча эс алууга бара алам?

Мен, о, менин Теңирим, өзүмдүн рухумду жана өзүмдүн бирдик жашоомду Сенин күч-кубаттыңдын жана Сенин сактооңдун колдоруна салдым, ошондой эле мен өзүмдүн башымды Сенин күчүң менен төшүмө коем жана аны Сенин эркиңе жана Сенин ырайыңа ылайык көтөрөм. Сен, акыйкатында, Сактоочусуң, Коргоочусуң, Бардыгынан күч-кубаттуусуң, Бардыгынан күчтүүсүң.

Сенин күч-кубатың менен ант берем! Түшүмдө да жана өңүмдө да, мен Сен эмнени тилесең, ошону гана сураймын. Мен Сенин кызматчыңмын жана Сенин колуңда боломун. Сага жаккан жыпар жыт эмнеден улам желпип турса, мени ошону гана жасоого ырайымдуу түрдө окшоштур. Ар ким Сага жакындыгы менен бактылуу, менин үмүтүм жана башкалардын үмүтү да, акыйкатында, мына ошондо. О, дүйнөлөрдүн Теңири, Сага алкоо!

Бахаулла

О, Акыйкатты издөөчү эгерде кудай сенин көзүңдү ачсын үчүн, аны эңсесең, анда сен Кудайдын суранууга, Ага сыйынууга жана түн ортосунда төмөндөгүдөй деп, Аны менен пикир алышууга тийишсиң /:

О, Теңирим, Сенин биригүү дүйнөңө карай мен өзүмдүн жүзүмдү бурдум жана Сенин ак көңүлдүүлүгүңдүн деңизине чөмүлдүм. О, Теңирим, ушул караңгы түндө Сенин отторуңдун көзү менен өңүмдү карап, мени каректеримди жарык кыл жана ушул ажайып кылымда Сенин сүйүүңдүн шарабы мени бакытка чулгасын. О, Теңирим, Сенин чакырыгыңды мен уккудай болоюн жана мен Сенин даңкыңдын жарыгын көрө алгыдай жана Сенин сулуулугуң менен туткундалгыдай болуу үчүн Сенин асманыңдын дарбазасын менин ажарымдын алдында ач.

Акыйкатында, Сен Белек берүүчүсүң, Мартсың, Ак көңүлсүн, Кечиримдүүсүң.

Абдул-Баха