Хукукулла

О, менин Жан тартуучу Теңирим, Сен даңктуусуң! Сенин ыйык сөз тутумдарыңдын океанынын добушу менен, ошондой эле Сенин жогорку өкүмчүлүгүңдүн көп түрлүү жышаандары менен, Сенин Кудайлыгыңдын бардыгын багындыруучу күбөлүгү менен, анан Сенин Билимиңде тыянакталган касиеттүү сырлар менен, - Сенин ак көңүлдүүлүгүң боюнча, Сага кызмат кылууга жана Сенин тандаганың болууга мага уруксат бер, ошондой эле Сенин Китебиңде осуятталган Сенин Хукукуңду урмат менен айта келүүнү чечип бер, - деп мен Сага сыйынам.

О, Теңир, ким Сенин даңк дүйнөңө сүйүүсү артып кирсе жана Сенин жоомарттыгыңдын кийиминин этегинен бекем кармаса, ошол мен. О, Ким бардык жандын Теңиринин өзү жана Падышачылыктын Ысымдарынын Өкүмдары болсо, ошол, Сен,- Сен эмнеге ээлик кылсаң, ошондон мени айырба, ошондой эле Сенин тандалган кызматчыларың Үчүн Сен эмнени багыштасаң, ошондон мени куру калтырба, - дер Сенден суранам.

О, бардык ысымдардын Теңири жана асмандарды Жаратуучу, жарыкчылыктын убаракерчилиги мени жамынчы сыяктуу ороп албагыдай болсун үчүн, ошондой эле Сенин күндөрүңдө Сенин элиңди жолдон чыгарууну ойлошкон кара санатайлар тарабынан көтөрүлгөн жаалданган дүрбөлөң мага жолтоо болбогудай болсун үчүн Сенин Ишиңде туруктуу болууга чыңдоочу жыргалың менен мага жардам бер, - деп Сага сыйынам. О, менин жүрөгүмдүн Эңсөөсү, ушул дүйнөнүн жана келечектеги дүйнөнүн жакшылыгын мен үчүн аныкта. Акыйкатында, Сенин эркиң боюнча жаратууга Сенин бийлигиң бар. Түбөлүк Кечирүүчү, Өтө жоомарт, Сенден бөлөк Кудай жок.

Бахаулла